Депутат экономиканын өнүгүшү калктын жашоо деңгээлин оңдоого болгон башкы кадам экенин айтты
Депутат Айнура Осмонова экономиканын өнүгүшү калктын жашоо деңгээлин оңдоого болгон башкы кадам экенин айтты. Бул тууралуу ал "Парламент" радиосуна берген маегинде билдирди.
“Экономиканын өсүш алуусу - калктын жашоо шартын оңдоого болгон башкы кадам. Буга жаңы курамдагы министрлер кабинети ишенимдүү убада берип жатат. Бул жолку жыйында депутаттар өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө боло турган кандай кадамдар жасаларын тактап, бир топ суроолоруна жооп алышты. Андагы энергетика тармагындагы опурталдуу тобокелчиликтер орун албайбы деген суроого тынчсыздануунун кереги жок деп айтылды. Мындай шарт болгон соң, өндүрүш, өнөр-жай, кайра иштетүү тармактары талаптагыдай иштеп, экспорттук потенциалын чыңдоого багыт алат”, - дейт ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-07-26

0:20
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.