super.kg logo

Бишкекте 55 билим берүү мекемеси оңдоп-түзөөдөн өттү

 

Бишкекте 55 билим берүү объектиси оңдолду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштери курулуш объектилеринин бекитилген тизмесине ылайык жүргүзүлгөн.

"Оңдоп-түзөө иштери Свердлов районуна караштуу балдардын чыгармачылык борборунда, Биринчи Май районунун райондук билим берүү борборунда, “Кыргыз Балдары” шаардык мектеп окуучулар чыгармачылык борборунда, №31 мектепте жана №21 балдар билим берүү мекемесинде өткөрүлдү.

6 билим берүү мекемесинде дааратканалар оңдолуп, түтүктөр жана санитардык жабдуулар алмаштырылды, имараттын ичинде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Ички жылытуу системасы 11 мекемеде жүргүзүлүп, дагы 11 мекемеде чатыр алмаштырылды.

Жылуулук трассасы 4 билим берүү мекемесинде оңдолду. Калган мекемелер жалпы курулуштук оңдоодон өткөрүлдү.

Бүгүнкү күндө 53 объектте оңдоо иштери толугу менен аяктады. Ал эми Биринчи Май районунун билим берүү борборунда жана “Кыргызстан Балдары” шаардык мектеп окуучулар чыгармачылык борборунда оңдоо иштери аяктап жатат", - деп жазылган маалыматта.

Белгилей кетсек, ушул жылдын шаардык бюджетинде билим берүү мекемелерин оңдоого 100 миң сом каралган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: