super.kg logo

Быйыл өлкөдө буудайдын түшүмү аз болду

 

Быйыл дан эгиндеринин түшүмү былтыркы жылга салыштырмалуу аз болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сайтында жырыяланды.

Маалыматка ылайык, 23-сентябрга карата дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 533 миң гектар аянттан жыйналып алынды. Бул өткөн жылдын ушул күнүнө караганда 0,9 пайызга аз.

Ушул жай айларындагы ысык аба ырайы жана сугат мезгилинде сугаруучу суунун жетишсиздигинен дан эгиндердин түшүмдүүлүгү аз болду. Республика боюнча буудайдын дүң жыйымы 42,1 пайызга, арпанын - 48,7 пайызга, бакча өсүмдүктөрү - 14,6 пайызга, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү - 6,5 пайызга, картошка - 5 пайызга жана жашылчанын түшүмү - 1,6 пайызга кыскарды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: