super.kg logo

Райондук сот Курсан Асановду өзгөчө оор кылмыш жасагандар кармалган абакта калтырды

 

Бүгүн, 14-октябрда Ленин райондук сотунда Курсан Асановдун бөгөт чарасы каралды. Аталган райондук соттун маалымат кызматынан билдиришкендей, судья Асановду №50 тергөө абагында калтыруу чечимин күчүндө калтырды.

14-сентябрь күнү ИИМдин тергөө кызматы тарабынан "бийликти күч менен басып алуу" беренеси боюнча шектүү катары Курсан Асанов кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Эки күндөн кийин Асановго карата бөгөт коюу чарасы каралып, 14-ноябрга чейин камакка алуу боюнча чечим чыккан. Ал Юстиция министрлигине караштуу №50 тергөө изоляторуна камакка алынган.

Жактоочу Икрамидин Айткулов Курсан Асановдун өтө оор кылмыш жасагандар кармалган абакка камакка алынганы боюнча сотко кайрыларын билдирген.

Белгилей кетсек, №50 тергөө абагы Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан. Анда негизинен өмүр бою эркинен ажыратылган, өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдар кармалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: