super.kg logo

"Жолдошум кырсыктан улам бир колунан ажырап калган. 5 миң сомго жетпеген пенсия менен жашоо кыйын болууда" дейт Кара-Балтанын тургуну

 

SUPER.KG порталына Элзира Абдыгапарова аттуу жаран кайрылды. Анда ал мамлекет тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жетиштүү деңгээлде көңүл бурулса деген оюн билдирди.

"Биз Кара-Балта шаарында турабыз. Жолдошумдун аты-жөнү Шавкат Раимбеков. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран. Шаардагы кагаз цехтеринин биринде болгон кырсыктан улам оң колунан ажырап калган. 5 миң сомго жетпеген пенсия алат. Бүгүнкү күндө бул суммага жашоо кыйын. Өзүңүздөр билесиздер, баары кымбаттап жаткан учурда мындай пенсия менен күн кечирүү кыйла кыйын.

Учурда кош бойлуумун. Бир кызыбыз бар. Ден соолугума байланыштуу үйдө болуп, иштегенге мүмкүнчүлүк жок болууда. Буга чейин базарда иштеп күн кечирип келгем. Эми болсо үйдө отуруп калдым. Мурун жолдошум базарда мага жардам берип турчу. Азыр болсо жалгыз иштей албайт. Батирде турабыз.

Президент Садыр Жапаровго дагы кайрылып кетер элем. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жакшы деңгээлде көңүл буруп, иштегенге шарт түзүп берсеңиз жакшы болмок", - деп билдирди окурман.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.10.2021. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туптуура айтыптыр мумкунчулугу чектелгендерге жакшы конул буруш керек. Менин баламда группада 4000 пенсия алат октябрдан 50% кошулат деди эле кошулган жок
15.10.2021. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн актувалдуу орчундуу маселелердин бирин которуптур.Эн-туура менин жеке оюм инвалиттерге жакшыраак конул буруу керек.Жоок дегенде пенсиясын жанада иштеген жерин турукташтырып беруу керек деп ойлойм.Бул адамдар колдоого муктаж инсандар.
16.10.2021. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

Ревматоидный артрит мн инвалидный жолок пул алса болобу билгендер айтып коюнуздарчы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: