Бишкекте Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгы белгиленет
Бишкекте Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара 2021-жылдын 15-октябрында саат 14:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.
Сүйүнбай Эралиев 1921-жылдын 15-октябрында Талас районунун Үч-Эмчек айылында туулган. Айтылуу Көкарык орто мектебинде билим алган. 1942-1944-жылдарда Улуу Ата Мекендик согушка катышып, кан күйгөн майдандын азап-тозогун тартып, өмүр менен өлүмдүн эмне экенин түшүнүп, жашоонун, тирүүчүлүктүн баа-баркын башынан өткөрүп, эли-жерибизди коргоого өз салымын кошкон.
Сүйүнбай Эралиевдин “Уяң жылдыздар”, “Ак жыттар”, "Көк сулуу”, “Жаңыл Мырзанын керээзи” кыргыздын кыйырына тараган атактуу “Ак Мөөр”, жалпы адамзаттык татаал көйгөйлөргө арналган, философиялык кең масштабдуу “Мезгил вокзалы”, поэмалары жана оригиналдуу лирикасы аны кыргыз поэзиясынын туу чокусуна алып чыккан.


