Жалал-Абадда дарыга ууланып каза болгон окуучу кыз: Ал кайсы дарыны ичкени белгилүү болду
Буга чейин Жалал-Абадда дарыга ууланган кыз каза болгонун облустук милициядан кабарлашкан. Бул боюнча Жалал-Абад облустук ооруканасына байланышып, төмөнкү маалыматтарга ээ болдук.
Алардын айтымында, 14 жаштагы окуучу кыз ооруканага эс-учун билбеген абалда түшкөн.
"Дары ичип каза болгон окуучу кыз 8-класста окуган. Ал бизге 29-сентябрда эртең менен саат 07:00дө дарыдан ууланып, эс-учун билбеген абалда түшкөн. Жандандыруу бөлүмүндө жатып, эсине келбей каза болуп калды.
Ал апасынын кант диабети үчүн ичкен Манинила дарысын ичип алган. Кантип, качан ичкени бизге белгисиз. Апасына эндокринологдор башка дары жазгандыктан, ал дарынын кичине ичип эле коюп койгон экен.
Апасынын айтымында, кызы дарыны ашканадан тапкан жана дарынын көп бөлүгүн ичип койгон экен", - деп билдиришти облустук ооруканадан.


