super.kg logo

Бишкектин айрым райондорунда таза суу убактылуу берилбейт

 

"Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, 19-октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин шаардын айрым аймактарында таза суу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, батыш суу алгычындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо жана техникалык тейлөө иштерине байланыштуу, ичүүчү суу турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объекттерде өчүрүлөт.

"Сыдыгалиев көчөсү, ЧЧК, Фучик көчөсү жана темир жол линиясы менен чектешкен аймакта, ошондой эле "Кызыл Аскер", 110-квартал конушу, "Достук" кичи районунда суу болбойт.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, шаар тургундарын таза суу камдап алууларын өтүнөт", - деп жазылган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: