Жалал-Абадда 16 гектар жер мамлекетке кайтарылды
Прокуратура органдары тарабынан жалпы баасы 117 миллион 120 миң сомду түзгөн 16 гектар аянттагы биосфералык, курорттук жана рекреациялык жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
"Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Жалал-Абад шаарынын курортунун, "Шор-Булак" минерал суу булагынын аймагында жайгашкан, жалпы аянты 16 гектар жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.
Жалал-Абад шаардык советинин 1991-жылдагы чечими менен аталган жер тилкеси жер жана экологиялык мыйзамдардын талаптарын бузуу менен жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүлүп берилген", - деп жазылат маалыматта.
Жогорудагы жер тилкеге берилген укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди жокко чыгаруу үчүн прокуратура тарабынан сотко тийиштүү доо арыздар киргизилип, кароонун жыйынтыгы менен алар толук канааттандырылган.
Ошондой эле Жалал-Абад шаардык мэриясына Башкы прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук чара көрүү актысынын негизинде баасы 117 миллион 120 миң сомду түзгөн 16 гектар жер тилкесин мамлекеттин балансына кабыл алынган.


