Түркиядагы кыргыз келиндин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү: Элчилик жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча комментарий берди
Кечээ, 13-октябрда Түркияда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Кыргыз жаранынын өлүмү туурасында кеңири маалымат алуу максатында министрликтин тапшырмасы боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Стамбул шаарындагы Башкы консулу Лира Сыдыкова жана консулдук кызматкер Текирдаг провинциясынын Черкезкөй районуна барып, жергиликтүү коопсуздук бөлүмүнүн башчысы менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
"Башкы консул Лира Сыдыкова иликтөө процессин тездетүүнү сурануу менен бирге бул иш кыргыз тараптын тыкыр көзөмөлүндө болорун белгиледи.
Алынган маалыматка ылайык, учурда Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан Кыргыз жараны М.А.ны өлтүрүүгө шектүү катары Түркиянын жараны Ф.А. кармалып, “өзгөчө мыкаачылык менен жасалган адам өлтүрүү” беренеси боюнча айыпталууда", - деп жазылат маалыматта.
Башкы консулдук маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына консулдук-укуктук көмөк көрсөтүп жаткандыгын кошумчалады.
Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин жана Стамбул шаарындагы Башкы консулдуктун көзөмөлүндө.


