super.kg logo

Бишкекте 60 сүрөтчүнүн эмгектеринен турган көргөзмө өтүүдө

 
Кыргыз киносунун 80 жылдыгына арналган "Бейне" көргөзмөсү ачылды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен белгилешкендей, иш-чара Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде орун алып, анда 60 сүрөтчүнүн эмгектери коюлду.
Көргөзмөдө түрдүү техникада жасалган графика, живопись, скульптура жана керамикадан жасалган жүздөн ашык эмгектерди көрүүгө болот. Сүрөтчүлөр, киноишмерлердин портреттерин жана кыргыз кинолорунун тартылуу учурунан чагылдырып, өздөрү таанып, билип, көргөн инсандарды тартышкан.
Иш-чараны Кинематографисттер союзу, Сүрөтчүлөр союзу жана "Айтыш" коомдук фонду уюштуруп, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейи тарабынан колдоого алынган.
Көргөзмө 14-17-октябрга чейин уланат.
Толукталган көргөзмө 17-ноябрда "Кыргыз киносунун 80 жылдыгына" карата өткөн иш- чарада элге сунушталат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: