super.kg logo

"Фондго деп акча чогултуу кеңири жайылган". Базар-Коргондогу ооруканада бир катар мыйзам бузуулар аныкталды

 
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон ооруканасында бейтаптарга акысыз берилчү дары-дармектер сатылып, фондго акча чогултулуп келген. Бул туурасында Акыйкатчы институтунан кабарлашат.
Мекеменин маалыматына караганда, Базар-Коргон районунун тургундары акыйкатчынын аппарат жетекчисине кайрылышкан. Анда Базар-Коргон аймактык ооруканасынын балдар бөлүмүндө дарыланып жаткан балдардын ата-энелери белгисиз фондго мыйзамсыз акча чогултуп жатышканын билдиришти. Буга байланыштуу аппарат жетекчи жана Акыйкатчы институтунун кызматкерлери медициналык мекемеге келип, мониторинг жүргүзүштү.
"Мониторингдин жүрүшүндө мыйзамсыз акча чогултуу тууралуу маалымат тастыкталды. Тактап айтканда, балдар бөлүмүнүн башкы медайымы чогулган каражатка бөлүмдө тамак бышыруу үчүн меш сатып алынганын айткан. Тургундардын айтымында, ооруканаларда белгисиз фонддорго акча чогултуулар кеңири жайылганын жана ушундай эле көрүнүш облустун башка аймактарында да бар экенин белгилешти. Ошондой эле бул бөлүмдө ысык суу жок, кампа душ бөлмөсү катары колдонулганы аныкталды.
Терапия бөлүмүн текшергенде буюмдардын чекене соодасы кеңселердин биринде жүргүзүлөрү аныкталган, бул санитардык ченемдерди бузуу болуп саналат. Мындан тышкары палаталарда бейтаптар үчүн кир жуучу жайлар жок, душ бөлмөсү иштебейт. Бул бөлүмдө аныкталган дагы бир мыйзам бузуу - бейтаптар кошумча тизмеде көрсөтүлгөн жана акысыз берилиши керек болгон дары-дармектерди сатып алышары ачыкталды.
Неврология бөлүмүнүн кир жуучу бөлүгүндө бүтүндөй бөлүм үчүн бир эле раковина иштейт, ал эми душ бөлмөсү таптакыр иштебейт, бул дагы мыйзамдардын санитардык-гигиеналык талаптарын одоно бузуу болуп саналат", - деп айтылат билдирүүдө.
Бардык аныкталган фактылар боюнча Акыйкатчы институтунун жумушчу тобу тиешелүү актыларды түзүштү. Алар чараларды көрүү жана бул мыйзам бузууларды четтетүү үчүн өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарына жөнөтүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.10.2021. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рас эле кылышыптыр,соттолсун,элдин акысын жегендер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: