super.kg logo

Стамбулда Чыңгыз Айтматовдун үй-музейин ачуу сунушталды

 

Түркиянын Стамбул шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейин ачуу сунушталды. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан белгилешкендей, Кыргыз өлкөсүнүн Стамбулдагы башкы консулу Лира Сыдыкова аталган шаардын мэри Экрем Имамоглу менен жолугушту.

"Жолугушуунун жүрүшүндө консул түрк дүйнөсүнүн баалуулуктарын жайылтуу максатында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын түрк дүйнөсүндөгү ролун жана таасирин белгилеп, Стамбулда жазуучунун атындагы үй-музейин ачууну сунуштады.

Өз кезегинде Экрем Имамоглу Кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо, бизнес-форум уюштуруу жана түрк ишкерлери менен байланыш түзүүдө муниципалитет башкы консулдуктун ишине ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн баса белгиледи.

Чыңгыз Айтматов атындагы үй-музейин ачуу боюнча сунушту туура кабыл алып, бул багытта тыгыз кызматташтыкты жүргүзүүнү сунуштады. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары жемиштүү жана тыгыз өз ара аракеттенүү боюнча макулдашты", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: