super.kg logo

Өлкөдө 3 жылда жаш мугалимдердин 60 пайызы жумушун таштады

 
Өлкөдө мамлекет тарабынан каржылануучу орундарга (бюджет) жыл сайын педагогикалык адистиктер боюнча 2 миңден ашуун адам кабыл алынат. Мамлекет жыл сайын болочок мугалимдерди даярдоого бюджеттен 100 миллион сомдон кем эмес каражат коротот. Бул тууралуу "KG Analytics" интеллектуалдык фонду тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөсүндө айтылат.
Изилдөөлөргө ылайык, жогорку окуу жайды бүткөн бүтүрүүчүлөрдүн 25 пайызы гана мугалим болуп иштейт. Үч жылдын ичинде жаш адистердин 60 пайызга жакыны мугалимдик жумушун таштап кетишкен. Педагогикалык окуу жайлардын 20 пайыздан ашуун бүтүрүүчүлөрү мугалим болуп иштеп калат.
Өлкөдө билим берүүгө кеткен чыгым жыл сайын көбөйүп жатат. 2001-жылы ага 3 миллиард сом кетсе, 2007-жылы ал сумма 9 миллиард, ал эми 2020-жылы 39 миллиард 9 миллион сом (34 миллиард 300 миллион сому республикалык бюджеттен, 5 миллиард 600 миллион сом жергиликтүү бюджеттен) чыгыша болгон
Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кийинки жылы мугалим, дарыгерлердин айлыктарын биринчи жогорулатыларын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: