Ысык-Көл облусунда үч тонна көмүр күйүп кетти
Ысык-Көл облусунда үч тонна көмүр күйдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-октябрь күнү саат 18:40 чамасында Корумду айылынын Осмонов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн кампасы күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.
Жерине Ысык-Көл районунун №35 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 1 бригада тартылып, саат 20:08де чектөөгө алынып, саат 20:44тө толугу менен өчүрүлгөн.
Жалпысынан 125 чарчы метр кампа, 5 куб метр тактай жана 3 тонна көмүр күйгөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби электр зымдарынын кыска туташуусу болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.