"Күйүүчү майдын, тетиктердин кымбатташы...". Бишкек мэриясынын жол кире тарифин жогорулатуу боюнча түшүндүрмөсү

Мекемеден белгилегендей, акыркы жылдары муниципалдык ишканалардын техникалык жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелишине байланыштуу шаардык транспорттун кыймылдуу курамы кыскарды, каттамга 120-128 троллейбус жана 85-95 автобус гана чыгууда.
Жүргүнчүлөрдү ташуунун дээрлик 85 пайызы жеке транспорттук компаниялар тарабынан жүзөгө ашырылат. Бүгүнкү күндө болжол менен 3,5 миң автоунаанын ордуна жүргүнчүлөрдү 1 миңден ашык эмес унаа тейлеп жатат.
"2021-жылдын июнь айында маршруттук каттамдардын айдоочулары иш таштаганда, коомчулук, борбор калаанын тургундары өзүлөрүнүн тилектештигин, өз ара жардамдарын көрсөтүштү, бирок Бишкекти транспорттук көйгөйдөн чыгаруу оңой болгон жок.
Жагдайларды эске алуу менен Бишкек шаардык кеңеши көптөн бери көтөрүлүп келген тарифтерди жогорулатуу боюнча токтомду кабыл алды. Бул факторлордон тышкары шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу тарифине күйүүчү майдын, запастык бөлүктөрдүн жана тетиктердин баасынын өсүшү олуттуу таасирин тийгизүүдө.
Транспорттук кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары менен бирге жүргүнчүлөрдү ташуунун эрежесин бекитүү боюнча иштер жүрүп жатат, анда тейлөөнүн сапаты жана бардык коомдук транспортту электрондук билетке өткөрүүнүн катаал шарттары көрсөтүлгөн.
Мэрия автобус паркын көбөйтүү үчүн иштерин күчөттү. Бүгүнкү күндө газ менен күйүүчү 250гө жакын автобус сатып алуу жана 150 электроавтобустарды сатып алуу боюнча келишимдер ишке ашыруу стадиясында турат. Ошондой эле экологиялык таза күйүүчү май менен шаарга узун автобустарды жеткирүү боюнча жеке инвесторлор менен бир катар сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-07-26

0:20
2025-07-26

21:53
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.