Садыр Жапаровду "лампочкам" деп алкаган аял президентке жолукту
Буга чейин социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровду "лампочкам" деп алкаган аял президентти сагындым деп Бишкекке келген видеосу тараган.
Гүлнара Назаркулова президент Садыр Жапаровго жолукту. Ал бул боюнча SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү айтып берди.
"Бишкекке бир жылда 2-3 жолу келип турчумун. Пандемия болгондон бери эле коркуп барбай калгам. Бул жолу Бишкекке тойго баргам. Садырды энелик мээрим менен аябай жакшы көрөм, сагынам. Анан интернеттен көрүп ыраазы болуп калам. Балдарымды кандай жакшы көрсөм, Садырды дагы ошондой жакшы көрөм.
Садырды көрүп каламбы деп өкмөт үйүнө баргам. Ал жакта митинг болуп жаткан экен. Балдар мени көрө калышып, "лампочка эже" экен деп жабалактап калышты. Видеого тартып дагы интернетке чыгарып жиберишиптир.
Кабылдамада турган жигит "эже, эмнеге келдиңиз?" деп сурап калды. Садырга жолугуп бир өөп алайын дедим. "Эже, президент иштеп жатат, бошобойт" деди. Жолукмайынча кетпейм деп отуруп алдым.
Ал жерге турмуштун оор сыноосуна кабылгандар, көйгөйү көптөр барышат экен. Аларды көрүп алып, кой эми кете берейин, Садырды ютубдан көрүп алам да дедим. Арча-Бешикке маанайым жок барып жатып алгам.
Анан депутаттыкка мандатын коюп жүргөн бир кайним ушунча келгенден кийин жолугуп кет, сүйлөшүп көрөйүн деп чалып калды.
Президенттин кабыл алуусуна кирип жатканда өзүнчө эле сүрдөдүм. Буга чейин эч кимден сүрдөчү эмес элем (күлүп). Кабинетке кирип барсам эле Садыр ордунан туруп келип учурашты. Сүйлөшүп отурдук. Садырдын жанында отурган адам аябай ыраазы болот экен. Мага жоолук белек кылды. Анын жанында конверт бар экен. Ыраазы болуп кайттым. Ак Үйдө отургандардын баары кичипейил жакшы адамдар экен.
Ар ким ар кандай нерселерди жаза беришет. Аларга деле мейли дейм. Алар жок болсо, жашоо кызыксыз болуп калмак да.
Эми Садыр Жапаровдун иштегенине убакыт беришибиз керек", - деп билдирди Гүлнара апа.
Буга чейин Гүлнара Назаркулова Садыр Жапаровду кайсы убактан бери колдоп келерин айтып берген.
"Менин балам 4 ай дааватта жүргөндө Садырдын атасы бир мечитке чай берип, мончо уюштуруп берип, "балам абакта бата кылып койгулачы" деп ыйлаган экен. Балам дааваттан келгенден кийин мага айтты. Анан Садыр ким экен деп сурап калдым. Балам мага ал жөнүндө айтып берди. Мен дагы беш убак намаз окуганда Садыр түрмөдөн чыгып калсын деп дуба кыла берчүмүн", - деген ал.
Эске салсак, буга чейин "Садага болоюн Садыр, мени карап кой, чырагым, лампочкам" деп айткан видосу тараган.
Көп өтпөй SUPER.KG порталы Гүлнара Назаркуловадан маек алган.
кошулду




Олкодо мындай подхалимдер бар экен, коом онукпойт.....
Элдин баары жугундукор эмес, сага, тиги апана окшогондор жугундукор.....
Мен мындай жугундукорлорду сыйлабайм, мейли эркек, мейли аял, мейли жаш, мейли кары болсун....
Садыр келсе жашоо укмуш болуп кетет деп куттунор эле, мына, силер куткон кун келди. Тезек терип тезек жаккыла эми......
Эгер олкону айтып жатсан, мейли олко ичинде, мейли олко тышында иштеп жаткандар, элдин ырыскысына кол салып уурдабагандар, мына ошолордун баары олкого салым кошуп келет...
Жооптуу кызматтарга дейсинби? АКШ, Туркия жана Европанын алдынкы олколорунун мыкты университеттерин буткон билимдуу, акылдуу жаштар тышта журот. Келгенде да аларды кызматка жолотпойт. Жооптуу кызматтарда чимкирик олигархтардын балдары.
1. Жапаровдун иштегенине 1 жыл толду жакшы өзгөрүүлөр бар жана көп аларды көрүп жатсаңар дагы айткыңар келбейт!
2. Туура кымбатчылык болуп жатат, ал жалгыз эле бизде эмес дүйнө боюнча болуп жатат аны дагы жакшы түшүнүп, көрүп туруп тескери сүйлөйсүңөр! Ошол эле Россияда нефтинин мекенинде бензиндин баасы 53-55рубльду түзүп жатат! Жана башка көп сөздү жазайын дейм батпай калат экен.
Антирадикал3, ушул жашы откон апаны шылдындабай, асылбай эле койсон болмок, денгээлин томон экендигинди коргозуп койдун. Сага окшогондор бийликке келгенде Кыргызстан сыздын сызына отурмак.