Бишкекте 31-декабрга чейин стоматологиялык бекер текшерүүдөн өтсө болот
Бишкекте "Бекем тиштер" айлыгы өтүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь районунун социалдык өнүктүрүү бөлүмү Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери менен бирге уюштурулууда.
"Иш-чаранын максаты бекер тиш дарылоо, аз камсыз болгон улгайган жарандарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга медициналык жардам көрсөтүү, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды активдүү коомдук жашоого интеграциялоо.
Акция карылардын эл аралык күнүнө жана майыптардын эл аралык күнүнө карата уюштурулду.
Шаардыктарга ушул жылдын 31-декабрына чейин медициналык колдоо КММАнын терапия жана стоматология факультетинин студенттери тарабынан көрсөтүлөт.
Бүгүнкү күндө 58 жаран текшерүүдөн өттү, анын ичинде 34 бала стоматологиялык дарылоодон өтүштү", - деп жазылган маалыматта.



