super.kg logo

Садыр Жапаров КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына видеоконференция форматында катышат

 

Бүгүн, 15-октябрда президент Садыр Жапаров Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчылар кеңешинин мааракелик жыйынына видеоконференция форматында катышат. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйын Беларусь Республикасынын төрагалыгында өтөт. КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери шериктештик алкагында, өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча, КМШ мамлекет башчыларынын бир катар билдирүүлөрү кабыл алынары пландалууда. Негизинен шериктештиктин 30 жылдыгы боюнча, биологиялык коопсуздукту камсыздоодогу кызматташтык боюнча, миграция тармагындагы кызматташтык, шериктештик жарандарынын шайлоо укуктарын коргоо, ошондой эле башка тармактагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган документтер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: