super.kg logo

Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкектин айрым жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

 

Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан президент Садыр Жапаровдун дарегине Конституцияда каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына (өз орундарына) 7 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Бул тууралуу президенттик администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен президент Садыр Жапаров судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 7 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Мамлекет башчынын аталган 7 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары кабыл алынып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

– Нарын облусу:

Ак-Талаа райондук сотуна:

Азат Доулбеков;

Кочкор райондук соту:

Медел Султаналиев;

– Ысык-Көл облусу:

Ысык-Көл райондук сотуна:

Токтогул Жумаев;

Каракол шаардык сотуна:

Самар Ниязалиев;

– Чүй облусу:

Аламүдүн райондук сотуна:

Жаныбек Жумаков;

– Бишкек шаары:

Ленин райондук сотуна:

Бакбуркан Бердыбаев;

Свердлов райондук сотуна:

Айсейил Айдыралиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: