Эверестти багындырган биринчи кыргыз альпинисти Эдуард Кубатов Орусияга чакыруу алды
Альпинист Эдуард Кубатов сыйлык алуу үчүн Орусияга чакыруу алды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Орусия альпинизм федерациясынын жетекчилигинен Москвага расмий чакыруу алдым. 20-ноябрда федерациянын "Эверестке чыгуу үчүн" медалын салтанаттуу түрдө тапшыруу пландалууда. Мен чындап эле сыйлык алам деп үмүттөнөм. Албетте, легендарлуу Федерациянын көңүл бурганы үчүн ыраазымын! Достор тоого чыгып, жашоону сүйүңүздөр", - деди Эдуард Кубатов.
Эскерте кетсек, Кыргыз альпинисти Эдуард Кубатов "Эверест 1" экспедициясынын курамында Эвересттин жогорку чекитине чыккан. Эверестти багындырган биринчи кыргыз альпинисти Эдуард Кубатов болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-07-26

0:20
2025-07-26

21:53
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
KG-312

15.10.2021. 17:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Тоого чыкты, көлдү сүзүп өттү, тияктан бияка чуркап келди, тиги-бу деген пайдасыз, маанисиз болгон мусор рекодумуш болгон пок-сакка деле медаль бир нерселерди бере берет экенсиңерда.
Tursunbaev1978

16.10.2021. 09:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сага окшоп мамлекетти тоногон акчаларыбыз жокта Эверестке чыккыдай
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.