Бишкекте дагы бир сейил бак ачуу пландалууда
Бишкек шаарынын Дэн Сяопин кең көчөсү менен Садыгалиев көчөсүнүн кесилишинде шаардыктар үчүн дагы бир сейил бак ачуу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин жана шаардык муниципалитеттин демилгеси менен сейил бакты уюштуруу жана көрктөндүрүү пландаштырылган аймакта көчмө жыйын өткөрүлдү.
Көчмө жыйынга "Бишкек башкы архитектура", "Бишкек жашыл чарба", "Бишкек асфальт сервис", "Тазалык" ишканаларынын, МАБдын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында кызматтарга бул маселени мыйзамдарынын чегинде иштеп чыгуу тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-07-26

0:20
2025-07-26

21:53
2025-07-25

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.