Бишкек шаарынын мэри Москвадагы жол кыймылын уюштуруу борборунун ишмердүүлүгү менен таанышууда




Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев иш сапары менен Москва шаарында. Анда ал жол кыймылын уюштуруу борборунун ишмердүүлүгү менен таанышууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө москвалык кесиптештер мэрге чалууларды иштеп чыгуу борборунун жана операторлордун жумушчу орундарын көрсөтүшүп, ар кандай категориядагы чукул чалууларды кароо принциптери жөнүндө айтып беришкен.
"Мекеме жол кыймылы боюнча маалыматтарды, анын ичинде жол кыймылынын жана жүргүнчүлөрдүн агымынын параметрлери, жол шарттары, учурдагы жол кыймылын уюштуруу, жол кыймылынан экологиялык зыяндын параметрлери, кырсыктын статистикасы, унаа токтотуучу жайлар жана убактылуу токтоочу жайлар жөнүндө маалыматтарды чогултат.
Анын милдеттерине транспорттун агымын баалоо, жол кыймылын уюштуруунун схемалары жана стратегиялары, шаардык транспорттук жана жүргүнчүлөрдүн агымын моделдөө, Москва шаарында жол кыймылын уюштуруунун эффективдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана башка функциялар кирет.
Ошондой эле Айбек Жунушалиевге электробустар көрсөтүлдү. Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэри Москва шаарына шаардык бийликтин чакыруусу менен шаардык кызматтардын жана структуралардын ишмердүүлүгү менен таанышуу үчүн барган", - деп жазылган маалыматта.







1 |