Автобустар 34, 21 жана 46-каттамдар боюнча каттайт.
"Жаңы №34 каттам Жеңиш конушунун тургундарынын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен "Эко жүргүнчүлөр ташуу" компаниясы тарабынан иштелип чыкты.
"Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынын талабы боюнча, муниципалдык автобустар келгенге чейин, №21 жана №46 автобустук каттамдардын кыймылынын схемаларын "Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" жеке компаниясына тейлөө үчүн өткөрүп берилди", - деп жазылат билдирүүдө.
18-октябрдан баштап төмөнкү багыттар боюнча автобус каттамдары линияга чыгат:
- № 21 каттам: Биримдик конушу - Бакай-Ата конушу, 10 автобустун чыгуусу пландаштырылды;
- №46 каттам: "Дордой" базары - Эне-Сай конушу - Чоң-Арык айылы, 10 автобустун каттамга чыгуусу пландаштырылды;
- №34 каттам: Шоро фирмасы - Жеңиш конушу, каттамга 10 автобустун чыгуусу пландалып жатат.