Анталияда 5-кабаттан кулаган 18 жаштагы Кыргыз жараны каза болуп калды
Түркиянын Анталия шаарындагы имараттардын биринен кулап кеткен Кыргыз жараны каза болуп калды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
"2003-жылы туулган Кыргыз жараны А.Т. Анталиядагы убактылуу жашап жаткан турак үйдүн 5-кабатынын терезесинен кулап кетип, Анталиядагы ооруканага абалы оор болуп түшкөн. Дарыгерлердин кылган аракетине карабай, 15-октябрда таңкы саат 07:00дө каза болгон. Учурда тийиштүү чаралар көрүлүүдө жана Кыргыз өлкөсүнүн Стамбулдагы башкы консулдугу маркумдун жакындарына ар кандай жардамдарды көрсөтүүдө", - деп билдиришти министрликтен.
Буга чейин Анталия шаарында 18 жаштагы Кыргыз жараны 6-кабаттан кулап кетип, оор абалда ооруканада жаткандыгын түр басылмалары жазып чыгышкан. Ал эми, Тышкы иштер министрлиги жигит 5-кабаттан кулап кетип ооруканага жеткирилгенин маалымдады.




Эптеп эле жаза берет экенсинерда
Турциянын эсептөөсү боюнча 5-кабат.
Биздин норма боюнча 6-кабат.
Туруияда биздеги биринчи кабатты ноль деп эсептейт. Буларда бөлмөлөр да башкача эсептелет.
Мисалы Бишкектеги 3 комнаталуу кватиралар 2 арты 1 деп айтылат. Себеби зал комнатага эсептелбейт. Турцияда 3 комната квартира 3 жатакана жана чоң залы менен болот.