АКШда полиция атып өлтүргөн Кыргыз жараны: Окуяны иликтөө бир айдан ашык убакытты алышы мүмкүн
АКШнын Пенсильвания штатында полиция кызматкерлери тарабынан өлтүрүлгөн Кыргыз жаранынын окуясын иликтөө бир айдан ашык убакытты алышы мүмкүн. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн АКШдагы элчилиги Кыргыз жараны менен болгон окуя боюнча АКШнын Мамлекеттик департаменти жана Пенсильвания полиция департаменти менен кошумча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Полициянын алдын ала маалыматы боюнча, окуяны иликтөө бир айдан ашык убакытты алышы мүмкүн.
Маалымат үчүн:
Эске салсак, 8-октябрда АКШнын Пенсильвания штатында 27 жаштагы Кыргыз жаранына полиция кызматкерлери тарабынан ок чыгарылганы, мындан улам анын каза тапканы тууралуу маалымат тараган.
Андан соң АКШнын Пенсильвания штатында полиция кызматкерлеринин ок чыгаруусунан улам каза тапкан адамдын аты-жөнү такталганы айтылган.




Атып олтурулгон ..Мекендешибиз эч Кандай эреже бузган эмес .Анын баарысын Муратбеков ойлоп таап ,ичинде куралы менен отурат Бул акылынан азган деп полицияны мекендешибизди атуууга мажбур кылганынан болду баарысы .Болбосо мекендешибиз машинанын ичинде Адилет сыртында турат .Анан полицияны куулоп коюп озу ары Жака качып кетип ,качан олгондо кайра келген .8тубдан видеосун коргуло тушуносунор