super.kg logo

Каракол шаарында "Китеп-Той" маданий-интеллектуалдык кечеси өттү

 

15-октябрь күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун алкагында "Китеп-Той" маданий-интеллектуалдык кечеси болуп өттү.

Кече алгач манас айтуу менен башталып, ырлар, көркөм окуулар, семинарлар менен уланды. Бул иш-чаранын катышуучуларынын бири Бакай Акылбек уулу кечеге жалпысынан 300дөн ашык адам катышканын, басымдуу бөлүгү жаштар болгонун айтты. Ал эми төкмө акын Баян Акматов эл китеп окуганда гана өнүгө турганын белгиледи. "Баарыбыз шайлоо, саясат, партия деп чуркап жатабыз. Бирок эң маанилүүсү ушул китеп. Эл китеп окуганда гана өнүгөт. Бүгүнкү иш-чарадан мен жаштардын көзүнөн эңсөөнү, суусоону көрдүм. Биздин көкүрөктөрүбүз, көздөрүбүз билимге, китепке суусап жатат. Биз элдин интеллектуалдык жактан өнүгүүсүнө салым кошуп, аны милдет катары көрүшүбүз керек", - деди ал.

Мындан тышкары Каракол шаарынын мэриясы тарабынан "Китеп-Той" маданий-интеллектуалдык иш-чараны уюштурууга жана жайылтууга салым кошкондорго "ыраазычылык баракчасы" тапшырылды.

Иш-чара дээрлик 5 саатка созулуп, анда кызыктуу оюндар, бий, фуршет жана китеп жарманкеси орун алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: