Садыр Жапаров КМШ жана башка уюмдардын байкоочулар миссиясын парламенттик шайлоого мониторинг кылууга чакырды
"Жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо жана коргоо өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүнүн маанилүү принциптеринен болуп саналат", - деп белгиледи президент Садыр Жапаров 15-октябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин видеоконференция режиминде өткөн кезектеги жыйынында. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысы Кыргыз мамлекети шериктештиктин КМШ өлкөлөрүндөгү шайлоо процесстерине мониторинг жүргүзүү боюнча ишмердүүлүгүнө өзгөчө маани берерин белгиледи.
"Салтка айлангандай, КМШ байкоочуларынын миссиясы жана башка уюмдардын байкоочулары биздин өлкөбүздөгү парламенттик шайлоолорго мониторинг жасоого активдүү катышат деген ишеничтемин", - деди Садыр Жапаров.



