Коопсуздук кеңешинин катчысы Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү менен кызматташтыктын механизминин өнүгүүсүн талкуулашты
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин тышкы коопсуздук маселелери боюнча атайын өкүлү Чэн Гопин менен видеоконференция форматында жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу прзиденттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Регионалдык коопсуздуктун актуалдуу проблемалары, анын ичинде Ооганстандагы жагдайга байланыштуу, ошондой эле террорчулукка, сепаратизмге жана экстремизге алардын бардык көрүнүштөрүнө жана киберкоопсуздук тармагындагы коркунучтарга каршы күрөшүү жаатындагы эки тараптуу кызматташтык боюнча пикир алмашуу болду.
Тараптар ведомство аралык регион аралык кызматташтыктын механизмин мындан ары өнүгүүсүн талкуулашты.
Марат Иманкулов коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөргө карабастан, Кыргыз мамлекети Кытайдын өз ара аракеттенүүсүнүн бардык өңүттөрү боюнча эки өлкөнүн компетенттүү ведомстволорунун ортосунда достук, динамикалуу, пландык жана максатталган иштиктүү контакттар уланып жатканын белгиледи.
Өз кезегинде Чэн Гопин эки өлкөнүн ортосунда регионалдык коопсуздукту камсыздоодогу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн, ынак коңшулаштыктын өз ара алакаларын тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Тараптар өлкөлөрдүн достук мамилесин чыңдоого жана эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун арттырууга болгон күч-аракеттерин жумшарын билдиришти.



