super.kg logo

"Алтын балалык" борборун ишке киргизүү боюнча марафонунда канча каражат топтолду?

 

15-октябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Алтын балалык" ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдар үчүн реабилитациялык борборун ишке киргизүү үчүн каражат топтоо боюнча кайрымдуулук марафону өттү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, кайрымдуулук марафонунун алкагында түзүлгөн текшерүү комиссиясынын эсептөөлөрү боюнча иш жүзүндө 29 миллион 300 миң 138 сом чогултулган. Эсептөөлөр боюнча, сертификаттардан түшүүлөр 13 миллион 183 миң 333 сом суммасында күтүлүүдө. Учурдагы эсепке буга чейин 11 миллион 871 миң 429 сом которулган (которуу жолу менен) жана 3 миллион 91 миң 180 сом накталай түшкөн. "Толук маалымат келерки жумада каражаттардын суммалары которулгандан кийин жарыяланат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: