super.kg logo

Өткөн суткада Кыргызстан боюнча 24 өрт кырсыгы катталган

 

 Өткөн суткада Республика боюнча 24 өрт кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалыматты бүгүн, 11-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча  Чүй облусунан -9 өрт, Ысык- Көлдө- 1,  Жалал- Абадда -3, Ошто-3, Баткенде-1, Нарында-1, Таласта-1,  мындан тышкары ОШ шаарында-1  жана  Бишкек шаарында-4 өрт кырсыгы катталган.  

                             

          Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Жаңы-Күч айылындагы Ж.Кайыпов атындагы орто мектептин көмүр сактоочу жайындагы 500 килограмм көмүр өзүнөн- өзү күйүп кеткен. Ушул эле көрүнүш Талас облусунун Кара-Буура районундагы  Молдо-Асан айылындагы  Назар Мамбетов көчөсүндөгү  орто мектепте  да катталган.  Тактап айтканда Б.Шамбетов атындагы орто мектептин кампасындагы 1 тонна көмүр өзүнөн- өзү күйүп  кеткен.

                              

    Мындан тышкары   Бишкек  шаарындагы Манас көчөсүндөгү  №97  көп кабаттуу үйдүн 9-кабатында  өрт чыккан.  Ашканадагы жана конок бөлмөсүндөгү эмеректер жана күнүмдүк керектелүүчү буюмдар күйүп кеткен. Учурда  өрттүн келип чыгуу себеби иликтенүүдө.  Ал эми  Чүй облусунун   Ысык- Ата районундагы  Кант шаарынын Пушкин  көчөсүндөгү   №14 үйдөн  чыккан өрттөн  Т.С.А деген жаран  каза болгон. Тактап айтканда, мештен чыккан өрттөн  үйдөгү жууркан-төшөнчүлөрү күйүп, үй ээси кошо өрттөнүп кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: