super.kg logo

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Жумаалы Момункулов каза болду

 
Узакка созулган оорудан улам агартуучу жана маданият ишмери, маданият, искусство жана музей ишин өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкон Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, "Даңк" медалынын ээси Жумаалы Момункулов 84 жаш курагында каза болду.
Ал 1937-жылы Талас районунун Көк-Ой айылында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз мамлекеттик Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын, Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктагандан кийин, алгачкы эмгек жолун Токмок шаарындагы республикалык маданий агартуу окуу жайында ардактуу мугалимдик кесиптен баштап, Фрунзедеги балдардын П.Шубин атындагы музыкалык мектептин педагогу, окуу бөлүмү боюнча директордун орун басары, республикалык адистештирилген М.Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернаттын директору, балдардын П.Шубин атындагы мектептин директору, Кыргыз мамлекеттик М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын директору, Кыргыз Республикасынын маданият министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинин директору сындуу жооптуу жетекчилик кызматтарын ийгиликтүү аркалап, өзүнүн жогорку уюштуруучулук жөндөмүн көрсөтүп, өмүрүн билим жана маданият тармагын өнүктүрүүгө арнаган.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Жумаалы Момункуловдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: