Улуттук банктын төрагасы коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушту




15-октябрда Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана “Кыргызстан банктарынын союзу” юридикалык жактар бирикмесинин жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууда банк секторун өнүктүрүүнүн учурдагы маселелери талкууланды. Бөкөнтаев Кыргыз Республикасынын экономикасынын калыбына келүүсү орточо темпте жүрүп жатканына, өлкөдө жана региондо коронавирус пандемиясынын тийгизген терс кесепеттери дагы эле өнүгүүнү кармап турган фактор бойдон сакталганына токтолуп, экономикалык жигердүүлүктү тез арада жандандыруу үчүн экономиканын реалдуу секторун колдоо иштерин улантуу зарылдыгын белгилеп өттү.
Ал бардык коштоп жүрүүчү тобокелдиктерди кылдат талдап чыгуу менен банктык кызматтардын санарип инфраструктурасын өнүктүрүүнү тездетүү, инновациялык банк операцияларын жана санарип төлөм технологияларын жайылтуу зарылдыгына да көңүл бөлдү.



