Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстан үчүн оор болсо да, элдин тынчтыгы үчүн “Кумтөрдү” улутташтырууга барышыбыз мүмкүн”
Кыргызстан өлкөдөгү нааразычылык акцияларынан улам “Кумтөр” кенин улутташтырууга барышы мүмкүн. Муну ВВСге берген маегинде президент Алмазбек Атамбаев айтты. “Кумтөр” маселеси саясатташып кеткенин белгилеген өлкө башчы: “Кыргызстандын “Кумтөрдөгү” үлүшүн көбөйтүү талабы менен дайыма нааразычылык акциялары өтүп жатат. Экономикалык кесепети оор болсо да, улутташтыруу бир вариант катары каралууда”,- деди.
Атамбаевдин айтымында, “Кумтөрдү” улутташтыруу элдин тынчтыгы үчүн жасалышы мүмкүн. “Кыргызстан үчүн оор болсо да, элдин тынчтыгы үчүн ушундай чара кабыл алышыбыз мүмкүн”,- деди президент.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

