super.kg logo

Мамлекет жетекчилери Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованы эскеришти

 

Мамлекет жетекчилери Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованы эскеришти. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

85 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл акыны, Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгынын жана Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Жазуучулар союзунун мүчөсү Майрамкан Абылкасымова узакка созулган оорудан соң дүйнөдөн кайтты.

"Таланттуу акын, ар тараптуу, адамдык сапаты да бийик инсан Майрамкан Абылкасымованын жаркын элеси элибиздин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана досторуна терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана орду толгус жоготуунун оор кайгысын бирге бөлүшөбүз", - деп жазылат эскерүүдө.

Садыр Жапаров, Акылбек Жапаров, Эдил Байсалов, Сүйүнбек Касмамбетов, Акылбек Жаманкулов, Галина Байтерек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: