super.kg logo

23-24-октябрда өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт. Кийинки аптада өлкөдө аба ырайы кандай болот?

 

Кийинки аптада аба ырайы кандай болот? Бул боюнча Кыргызгидрометтин сайтына жарыяланды.

17-20-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. 21-октябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. 22-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

23-24-октябрларда Кыргыз Республикасынын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. 23-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

24-октябрда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу районундо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Нарын, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: