Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жумаалы Момункулов акыркы сапарга узатылды





Маданият, искусство жана музей ишин өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкон Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жумаалы Момункулов акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Коштошуу зыйнатына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышты.
Анда Жумаалы Момункуловдун маданият тармагына кошкон салымы, адамдык парасаты жана талыкпас эмгеги менен ар бир жоопкерчиликтүү кызматтарда өзүн мыкты жетекчи катары көрсөтө алган бийик сапаттарына токтолуп эскеришти.
Коштошуу зыйнатына маданият тармагынын ири өкүлдөрү, кесиптештери жана туугандары катышты.
Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-07-26

0:20
2025-07-26

21:53
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.