super.kg logo

9 айдын ичинде жарандардын кайрылуусу боюнча бир канча салык кызматкери жоопко тартылды

 

Мамлекеттик салык кызматына 2021-жылдын 9 айында жарандардан жана юридикалык жактардан 183 кайрылуу жана даттануу келип түштү. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен электрондук почта аркылуу – 135, “ишеним телефонуна” жана “ыкчам байланыш” номерине - 21. Келип түшкөн кайрылуулардын ичинен 11 арыз ишкерлер тарабынан салык мыйзамдарынын сакталбагандыгы боюнча маалыматтар, 64 – салык органдарынын кызматкерлеринин укуксуз иш-аракеттерине тийиштүү болсо, 107 – ар түрдүү маселелер боюнча болгон. Бардык кайрылуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген мөөнөттө каралды. Салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине арыздар боюнча кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө 31 арыз боюнча фактылар тастыкталган эмес, 29 – тастыкталды, дагы 4 кайрылуу – кароо стадиясында турат.

Кабыл алынган чаралардын натыйжасында 45 кызматкер жоопко тартылды, анын ичинен 2 – ээлеген кызматынан төмөндөтүлдү, 20 - катуу эскертүү алды, 12 – сөгүш, 5 - эскертүү, 1 кызматкерге ээлеген кызматына толук ылайык келбөө жарыяланды, 5 кызматкер ротацияланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.10.2021. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка ишканаларда да ушундай болсо кана эле, мисалы госкадровая служба, экотехинспекция д.б.у.с.
18.10.2021. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ГНСте жакшы адамдар иштешет чынында. Бирок мыйзам жана портал өтө начар. Мыйзамда бюрократияга жол ачкан пунктар көп. Ал эми портал көп ката кетирет.
Мисалы, фито саат 5ке чейин, вск күнү иштебейт. Бирок калган бут органдар иштешет. Фитонун макулсуздугу жок гнс өткөрбөйт. Эмне үчүн фитону күтүп суббота келген жүктү салык төлөөчүлөр понедельник күнгө чейин күтүш керек? Это бюрократия!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: