super.kg logo

Өлкөдө өткөн жылдын октябрына салыштырмалу көмүрдүн баасы канчага өстү?

 

14-октябрга карата абалы боюнча өткөн жылдын октябрына салыштырмалу көмүрдүн орточо керектөө баалары республика боюнча орточо алганда бир тонна үчүн 793,7 сомго же 17,9 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

"Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн - 3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн - 4000 сом) Нарын шаарында (бир тонна үчүн – 4 200 сом) болгону байкалды. Ошол эле учурда, көмүрдүн эң жогорку баасы Ноокатта (бир тонна үчүн - 9 262,8 сом), Исфана (бир тонна үчүн – 8 485,3 сом) жана Баткен (бир тонна үчүн – 8 242,6 сом) шаарларында катталды.

Көмүргө карата баалардын бир кыйла өсүшү өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу Кербен - тоннасы 3 366,1 сомго же 2 эсе, Жалал-Абад - тоннасы 1 725 сомго же 36,2 пайызга жана Баткен шаарларында тоннасы 1 604,5 сомго же 24,2 пайызга өсүшү белгиленди. Бир эле убакта, Талас шаарында анын баасы - тоннасы 61,8 сомго же 1,1 пайызга төмөндөгөн", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: