Салык кызматы: "Салык жана төлөмдөр пландан 73 миллион сомго көп чогултулду"
Мамлекеттик салык кызматы 9 айда республиканын бюджетине 2 миллиард 247 миллион 900 миң сом суммасында атайын салык режимдери боюнча салык жана төлөмдөрдү чогултууну камсыз кылды. Мындай маалыматты аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул болжолдук пландан 73 миллион 100 миң сомго көп.
2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 676 миллион 700 миң сомго көп жыйналды.
Анын ичинде 1 миллиард 755 миллион 600 миң сомго 745 миң 945 ыктыярдуу патент берилген, бул белгиленген пландан 7 миллион сомго көп же аткаруу 100,4 пайызды түздү.
234 миллион 400 миң сомго 44 миң 788 милдеттүү патент берилип, план 103,4 пайызга аткарылган, бул 7 миллион 700 миң сомго көп.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-07-26

0:20
2025-07-26

21:53
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.