Бишкекте каналдан белгисиз жарандын жансыз денеси табылды




Бишкекте издөө иштеринде башка жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-октябрь күнү Октябрь районунун Ч.Валиханов көчөсүндө каналга 1986-жылы туулган С.Т. аттуу эркек киши түшүп кеткен. Издөө иштерин жүргүзүүгө Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.
"Издөө иштери жүрүү учурунда болжол менен 30-35 жаштагы белгисиз эркек адамдын жансыз денеси Кантемировская көчөсүндө ЧЧКдан табылды.
Куткаруучулар адамдын жансыз денесин суудан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ал 1986-жылы туулган С.Т. эмес экендиги аныкталды", - деп жазылган маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-07-26

0:20
2025-07-26

21:53
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.