Саламаттыкты сактоо министри: "Сузактагыдай болгон ооруканалар башка жактарда дагы бар"
Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Сузак районундагы аймактык ооруканага мониторинг жүргүзүшүп, жыйынтыгында оорукана санитариянын ченемдерине жана калктын саламаттыгынын коопсуздугун камсыздоо талаптарына таптакыр жооп бербестигин билдиришкен.
Аталган оорукана боюнча саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев орун басарларына тапшырма берилгенин жергиликтүү радиолордун бирине берген маегинде айтты.
"Азыркы кезде өлкө боюнча бардык ооруканаларды көрүп чыктым. Ар бир аймактагы ооруканалардын абалы кандай экенин биз билебиз. Аларды четинен оңдоп жатабыз, маселесин чечип жатабыз. Бюджетте акча жок болгондон кийин эл аралык уюмдарга кайрылып жатабыз. Учурда өлкө боюнча ФАП маселесин 90-95 пайызын чечтик. Кайрымдуулук фонддорго кайрылып, бир жылдын ичинде кайсы жерде ФАПтар керек болсо ошол жерлерге куруп бүттүк.
Ооруканалардын көбүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүп жатабыз. Акча-каражаттарын дагы кошумча издеп жатабыз. Сузактагыдай болгон ооруканалар башка жактарда дагы бар. Аларды убакыт дагы берилсе оңдогонго аракет кылып жатабыз.
Мен өзүмдүн орун басарларыма тапшырма бердим, алар барып Сузактын ооруканасын карайт. Жакын арада аталган оорукана эмне үчүн ошондой абалга кептелгенин сиздерге айтып беребиз", - деди Бейшеналиев.



