super.kg logo

Күндүз 1 саатка электр жарыгы өчсө… Сизде эмне болот?

 

Өлкөдө жарандарды электр энергиясын үнөмдөөгө мамлекет тарабынан сунуштамалар берилүүдө. Кээ бир облус, райондордо күндүз бир маал электр жарыгы өчүрүлүп жатканын окурмандар жазышууда. Мындан улам "Күндүз 1 саатка электр жарыгы өчсө сизде кандай абал жаралат?" деген суроону өлкөбүздүн тургундарына берип көрдүк.

Бишкек шаарынын тургуну: "Эч нерседен кур калбайм. 1 саат эле өчсө уктап эс алам".
Чүй облусунун тургуну: "Негизи 1 саат убакытта эч кандай деле өзгөрүү болбогондой сезилет. Бирок азыркы маалыматтуулук, технологиянын заманында баары бир залакасын тийгизбей койбойт. Биз баарына алдын ала камылга менен жүрө албайбыз, мүмкүн көптөгөн электр энергиясы аркылуу бүтчү иштер ошол саатка туура келип калат. Анан күн сайын бир убакытка өчүрүп, ал жөнүндө жалпы элди кабардар кылышса, балким, бир аз ошол нерсеге даяр турат белек. Жеке менде көйгөй болуп калат".
Ош шаарынын тургуну: "Кондитермин. Тапшырыктарымды күндүз кетирем, электр жарыгы өчсө миксерим иштебей, жумушум токтойт".
Нарын шаарынын тургуну: "Эч нерседен деле кур калбайм. Электр энергиясынан гана кур калам да".
Талас облусунун тургуну: "Интернети жок калам, себеби менде бир гана Wi-Fi… Жумушу жок калам, анткени онлайн иштейм…".
Токтогул шаарынын тургуну: "Жаңылыктардан артта калам. Телевизор көрүп, өлкөдө эмне болуп жатканын билип турабыз да. Турмуш-тиричиликке керектүүнүн баары электр энергиясы менен байланышкан заман. Учурда бардык өлкөлөр технологиясын өнүктүрүп космоско учуп жатса, бизде эл жөнөкөй эле жарык менен түзүк камсыз болбой жатканы өкүнүчтүү... Жарык өчтү дегенче, маанай чөктү дегендик".
Нарын шаарынын тургуну: "Ысык чайдан..."
Ош облусунун тургуну: "1 саат электр жарыгынан кур калам да. Камыр жасап алсаң, качан күйөт деп күтөсүң. Анан эмнеге өчүрдү деп сүйлөнмөй да".
Чүй облусунун тургуну: "Бизде электр жарыгы өчсө эле суу токтойт. Суудан кур калам".

Өзгөн шаарынын жашоочусу: "Шаардын өзүндө электр энергиясы өчсө өтө көп жумуш токтойт. Маселен кечээ баламды көтөрүп алып банкка баргам, кезек күткөндөр өтө көп экен. Себеби, электр жарыгы өчүп калып банк иштебей туруптур. Айрыкча айылдан келген апаларды көрүп аядым".
Окурман, а сиз кайсы аймакта жашайсыз? Бир саатка электр жарыгы өчсө сизде кандай абал жаралат? Комментарий калтырыңыз.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
19.10.2021. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эгер кунуно бир саат очуруп электр энергиясы уномдолсо,бир саат чыдайбызда.
19.10.2021. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баткен областы: Күнүнө 1 сааттан өчсө баары эле чыдаса керек а бирок азыркы учурда бизде 8 сааттан ашык свет өчүп жатат күндүз
19.10.2021. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Талас обл. Бир сааттан эч нерсе чечилбесе керек. Койгой деле жаралбайт
19.10.2021. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ош шаарында күндө свет жок светофор иштебей жолдо баш аламандык болуп жатат.
19.10.2021. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ой койгулачы 1 саат эмес эртең менен өчсө кечке чейин куйгузушпойт, кеч өчсө таңга чейин куйгузушпойт. Азыркы учурда кылган жумушундун көбү эле электр энергиясына байланышкан устачылык кылсан электр энергиясы өчсө эч нерсе кыла албайсың мисалы меники баарысы ток менен мен сыяктуу электр энергиясы өчсө иш кыла албай олтурган адамдар көп эле чыгар. Жаңылык окуу телевизор көрү ал эч нерсе эмес иш кылыш керек.
19.10.2021. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1саат убакыт күнүнө бир убакта өчүрүлсө эч кандай көйгөй жаралбайт мен үчүн
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: