super.kg logo

"Иш үзгүлтүккө учураса, тийиштүү жактар жоопкерчиликке тартылат". Акылбек Жапаров "Кара-Кечеге" барды (фото)

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапары менен барып, "Кара-Кече" көмүр кенинин ишин көзөмөлдөдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Акылбек Жапаров "Кыргыз Көмүр" мамлекеттик ишканасынын иши менен жеринде таанышкан.

"Тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, кен казуучу компания өкүлдөрүнүн катышуусундагы кеңешменин жүрүшүндө Акылбек Жапаров күз-кыш мезгилинде көмүр менен биринчи кезекте калк, социалдык объектилер жана энергетикалык тармактын ишканалары камсыздалышы керектигин дагы бир ирет эскертти", - деп жазылат билдирүүдө.

"Көмүр кендеринде коопсуздук жана тартип камсыздалышы абдан маанилүү. Сиздерге белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылы жылытуу мезгилине карай даярдык кечигүү менен башталды. Мындайга жол берилбеши керек. Иштер үзгүлтүккө учураса тийиштүү жактар жоопкерчилик тартат. Бүгүнкү күндө «Кара-Кечеде» инфраструктуралык маселелер ыкчам тартипте чечилиши зарыл", - деген өз сөзүндө Акылбек Жапаров.

Андан соң көмүр казуучу компания өкүлдөрү иштин шартын жеринде жакшыртуу боюнча өз сунуштарын айтышты. Мындан тышкары, көмүргө карата баа саясатына жана көмүр тармагын өнүктүрүүгө тийиштүү сунуштар талкууланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
18.10.2021. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Убагында аша атасы да ушинтип чоң келген костюм кийип алчы эле.
18.10.2021. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Asmat84, Чоң костюм кийсе сенин атандыкын кийип атыптырбы
18.10.2021. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкесиникин кийип алган го...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: