super.kg logo

"Кыргызфильм" киностудиясы эски тасмаларды узак мөөнөткө сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болду

 
Бүгүн, 18-октябрда Төлөмүш Океев атындагы Улуттук "Кыргызфильм" киностудиясында "Blackmagic Cintel Scanener" техникалык жабдуу комплексинин бет ачар аземи өттү. Эми пленкага тартылган эски фильмдерди санариптөө жана аны узак мөөнөткө сактоого болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Түркия Республикасынын Кыргыз өлкөсүндөгү толук ыйгарым укуктуу элчиси Ахмат Садык Доган, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин өкүлдөрү жана эки өлкөнүн кино ишмерлери катышты.
Мындай жабдуу менен эми киностудия пленкага тартылган эски тасмалады санариптөөгө жана аны узак мөөнөткө сактоо иш-аракеттерин жүргүзөт. Учурда киностудияда 900дөн ашуун тасма бар.
Ачылыштын жүрүшүндө киностудиянын директору Акжол Бекболотов заманбап техниканы пайдалануу жана аны колдонуу ыкмасын көргөзүп берди.
Белгилей кетсек, заманбап техниканы Кыргыз өлкөсүндөгү Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тапшырды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: