super.kg logo

Аксыда курулушу 2 жыл мурун башталган 225 орундуу мектеп колдонууга берилди

 

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүндө жаңы салынган 225 орунга ылайыкташкан билим уясы окуучуларга эшигин ачты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Аталган айыл өкмөткө караштуу Жеңижок атындагы №9 жалпы орто билим берүүчү мектептин ачылышына арналган иш-чарага билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев, министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыханов катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр баштаган жетекчилер жаңы имарат менен кеңири таанышып чыгышты.

Белгилей кетсек, жаңы салынган эки кабаттуу типтүү мектептин курулушу Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланды. Курулуш иштери 2019-жылы март айында башталып, ушул жылдын октябрь айында аяктады.

Ушул тапта мектепте 465 окуучу билим алууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.10.2021. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирөөлөр салып берген мектепке уялбай келип лента кесип коюптур го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: