super.kg logo

Айгүл Жапарова Салтанат Саматова атындагы сыйлык тапшыруу аземине катышты

 

18-октябрь күнү шаардагы мейманканалардын биринде Салтанат Саматова атындагы "Колумду карма" сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Ага өлкөнүн биринчи айым Айгүл Жапарова дагы катышты. Бул тууралуу видео жергиликтүү басылмаларда жарыяланды.

Ал өз сөзүндө иш-чаранын уюштуруучуларына жана катышуучуларына ыраазычылыгын билдирип, аны менен катар бала жоготуу азабы кандай экенин айтып өттү.

"Бала жоготуу менин да башымда бар. Бул эч качан унутулбайт. Бирок Салтанаттын артында кандай иштер калды? Салтанат бизди эмнеге үйрөттү? Салтанат бизди оору менен күрөшүүдө эч качан жеңилбөөнү жана ооруну жашырбаска үйрөттү. Бул Салтанаттын эң күчтүүлүгү жана мыктылыгы.
Мен башыман өткөн апа катары, анын апасын абдан түшүнөм. Бул эч качан унутулбайт", - деди Айгүл Жапарова.

Белгилей кетсек, сыйлык "Оңой жардам берүү" коомдук фонду тарабынан негизделген жана өлкөдө биринчи жолу берилип жатат. Сыйлык эмгеги, чыгармачылыгы жана кайрымдуулуктун өнүгүшүнө кошкон салымы менен кыргыз элинин жүрөгүнө из калтырган Салтанат Саматованын сиңирген эмгегин эскерүүгө негизделген. Ошондой эле залалдуу шишик дартына каршы күрөшүүгө, маданиятты жана кайрымдуулукту өнүктүрүүгө салым кошкондорго арналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: