Декабрь айында сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекция менен ооругандардын көбөйүшү күтүлүүдө
Республикада сасык тумоо жана курч респитордук вирустук инфекция (ОРВИ) боюнча эпидемиологиялык абал көзөмөлдө. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашат.
Мекеменин маалыматы боюнча, октябрь айынан баштап курч респиратордук вирустук инфекциялык оору акырындык менен көбөйдү. Жыл сайын 40-аптадан баштап курч респиратордук вирустук инфекцияга жана сасык тумоого чалдыккандардын санынын бара-бара өсүшү байкалууда. Бул сасык тумоо вирусунун төмөнкү температураларга туруктуулугу жана суук мезгилде адамдын коргонуусунун төмөндөшү менен шартталган.
"Ыкчам маалыматтарга ылайык, 41-аптанын ичинде (11-октябрдан 17-октябрга чейин) мурунку салыштырмалуу курч респиратордук вирустук инфекция ооруларынын анча чоң эмес өсүшү байкалды. Тагыраак айтканда, жабыркагандардын саны 4974 болуп, анын 94 пайызы 14 жашка чейинки балдар. 2020-жылдын ушул эле аптасында ооругандар 2,4 эсе жогору болгон.
Алдын ала эпидемиологиялык божомолдор боюнча, ушул жылдын декабрь айынын экинчи жарымынан баштап курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо менен ооругандардын көбөйүшү күтүлүүдө. Учурда республикада эпидемиологиялык абал туруктуу", - дешет мекемеден.
Алдыда алдын алуу иш-чараларынын комплексин күчөтүү жана калк арасында оорунун жайылышын турукташтыруу максатында Саламаттыкты сактоо министрлиги сасык тумоого каршы "Гриппол плюс" вакцинасынын 134 миң дозасын сатып алды. Бул вакцина тобокелдик тобундагыларды (өнөкөт оорулары бар адамдар, тез-тез ооруган балдар, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, интернаттардын балдары, кош бойлуу аялдар, медицина кызматкерлери жана башка) акысыз эмдөө үчүн алынган. Ушул жылдын 18-октябрына карата тобокелдик тобундагы 12 миң 400 адам эмдөөдөн өттү.
Ошондой эле Бишкекте сасык тумоого каршы эмдөө акы төлөнүүчү негизде төмөнкү жеке медициналык борборлордо жүргүзүлөт: "Малыш", "Гиппократ", "Эдельвейс", "Кроха", "Поликлиника 312", "KG", ЦАДМИР, "Интермедикал". Жеке медициналык борборлордо эмдөөнүн баасы 450 сомдон 700 сомго чейин.
Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция боюнча апта сайын мониторинг жүргүзүлөт.



