super.kg logo

Оштун мэри шаардын көчөлөрүн, борбордук базарды текшерүүгө алды

 

Кечээ, 18-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаардык мекеме ишканалардын жетекчилери менен биргеликте шаар көчөлөрүнүн абалын текшерүү үчүн көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэр жетекчилер менен биргеликте жүк ташуучу унаа менен шаарды кыдырып, коомдук транспорт токтоочу жайларды, аялдамаларды, шаардын жолдорунун жана тротуарларынын, четки көчөлөрдүн абалын текшерди. Алмаз Мамбетов кыдыруунун негизинде бир топ маселелер боюнча тийиштүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди.

Иш-чаранын соңунда Алмаз Мамбетов Ош шаарынын борбордук базарында болуп, Райымбеков көчөсүнүн соодагерлери менен жолугушту. Ал жерде тийиштүү органдардын жана кызматтардын жетекчилерине стихиялуу соода болгон жерлерди иретке келтирүү, аларга тиешелүү шарттарды түзүү, соодагерлер үчүн ылайыктуу жерди табуу керектигин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: