super.kg logo

Батукаевдин иши боюнча Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыратуу өкүмү күчүнө кирди

 
Жогорку Сот Батукаевдин иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата өкүмдү кайра күчүнө киргизди. Бул туурасында жактоочу Замир Жоошев тарабынан белгилүү болду.
Айтымында, Жогорку Сот 12-октябрда Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, жаңы ачылган жагдайлар боюнча мурдагы өкүмдү кайра күчүнө киргизди.
"2020-жылдын 30-ноябрында Жогорку Сот Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыратуу боюнча Биринчи Май райондук соттун чечимин жокко чыгарган. Ушул жылдын сентябрь айында башкы прокурордун жардамчысы Жогорку Сотко өтүнүч менен кайрылган. Эми Жогорку Сот буга чейин өздөрү жокко чыгарган чечимди кайра күчүнө киргизип жатат.
Жаңы ачылган жагдайлар деп жатышат, кайсы жагдайлар тууралуу сөз болуп жатат? Бул жерде Алмазбек Атамбаевди шайлоого катыштырбоо аракети, укуктук башламандык болуп жатат", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Атамбаев "Батукаевдин кылмыш иши" боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл, эки айга кесилген.

Жактоочулардын суранычынан кийин Жогорку Сот 2020-жылдын 30-ноябрында бул ишти кайра караган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
19.10.2021. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Камалсын!Эл алдында,мамлекет алдында тоодой күнөөсү бар!
Mister-XXX түзөттү 2021-10-19 16:01:52
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: